Иманалы Айдарбековдун небереси чоң атасына арналган иш-чараны өткөрүүнү колдогон президентке, өкмөткө жана парламентке ыраазы

Бүгүн, 4-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасын түптөөчүлөрдүн бири, залкар инсан Иманалы Айдарбековдун 130 жылдык маараке кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чараны аталган министрликтин башчысы Алтынбек Максүтов ачты. Эскерүү кечесине Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана депутаттар катышышты. Жыйында Иманалы Айдарбековдун урпактарынын атынан небереси Зифаргүл Айдарбекова сөз сүйлөп, чыгаан инсанга арналган бардык иш-чараларды өткөрүүгө колдоо көрсөткөн президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан