Маалыматка караганда, иш-чарага КР ИИМинин Орусиядагы өкүлү, Кыргызстандагы Дин башкармалыгынын Москва шаарындагы өкүлү, кыргыз диаспорасынын активдери катышышты.
Тегерек столдо кыргызстандыктардын Орусияда жүргөндө диний керектөөлөрүнө көмөк көрсөтүү, исламий экстремисттик маанайдагы маселелер талкууга алынды.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлдөрү айрым кыргызстандыктардын диний сабатсыздыгынын себеби радикалдардын пропагандасынын активдүүлүгү, маалыматтын жетишсиздигинен экенин белгилеп өтүштү. Катышуучулар Кыргызстан менен Орусиянын диний институттарын бирге иш алып барууга чакырышты.