Депутат А.Сулаймановдун колдоосу менен Ноокатта райондук II олимпиада өткөрүлдү

Ош облусундагы Ноокат районунун окуучуларынын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун демилгеси жана колдоосу менен Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган кыргыз тили жана адабияты, математика жана информатика боюнча райондук II олимпиада өткөрүлдү.

Олимпиада Х, XI класстар арасында 3 этапта жүргүзүлдү. Математика жана информатика предметтери боюнча окутуунун тилине карабастан бирге өткөрүлүп, тапшырмалар бирдей тандалды. Мектепте жана аймактарда мыкты деп табылгандар 5-декабрда райондук финалдык турда өз күчүн сынашты. Сынактык комиссияга Ош жана Бишкектин жогорку окуу жайларынын профессор менен доценттери кирген. Ошол эле күнү олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталып, окуучуларга баалуу сыйлыктарды парламенттин депутаты А.Сулайманов тапшырды.

Ар бир номинацияда биринчи орунга ээ болгон мектеп окуучусу ноутбук алды, мектебине персоналдык компьютер тапшырылды, ал эми даярдаган мугалимдерине 5 миң сомдон берилди. Экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген окуучуларга планшеттер, чөнтөк телефондору, мектептерге китеп топтому жана даярдаган мугалимдерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. Китеп топтомунда кыргыз тили жана адабияты, математика боюнча усулдук колдонмолор жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдук толук жыйнагы кирген.

Окуучуларды жана мугалимдерди ийгилиги менен куттуктап, Жогорку Кеңештин депутаты, “Бир бол” саясий партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү Алтынбек Сулайманов былтыр ушул маалда I олимпиада өткөрүлүп, аны салтка айлантуу боюнча жакшы сөздөр айтылганын эскертип өттү. “Ийгиликке жеткирген мугалимдердин эмгегин өзгөчө баалайм, жылдан-жылга көрсөткүчтөр жогорулап жатат”,- деди А.Сулайманов. Окуучуларды мындан аркы ийгиликтерге шыктандырыш үчүн депутат айылда чоңоюп, Ноокат мектебин мындан бир нече жыл мурун бүтүргөн, учурда Япониядагы Кумамото университетинде 6 жылдан бери иштеп жаткан, нанотехнология тармагында алдынкы жетишкендиктерге жетишкен кыргызстандык Эмил Өмүрзак уулун мисал келтирди. Эл өкүлү аны менен жакында Японияга болгон иш сапарында көрүшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматов да жеңүүчүлөрдү куттуктады: “Мугалим – өзгөчө адам, анын эмгеги менен Кыргызстандын келечеги түптөлүп жатат, ушул балдар Кыргызстанды көтөрүшөт. Мен сиздерге ийгилик каалайм”.

Олимпиаданын жүрүшүндө орус жана өзбек тилдүү мектептер да кыргыз тили жана адабияты боюнча жогорку билим деңгээлин көрсөтө алгандыгын калыстар тобу белгиледи. Мугалимдер республикалык деңгээлде райондун мектептеринин билим көрсөткүчтөрү жогорулаганын айтышты.

Иш-чаранын максаты кыргыз тилин жана кыргыз маданиятын, тарыхын, этнографиясын, педагогикасын ж.б. баалуулуктарын сыйлай билген, жазуу маданиятын сапаттуу өздөштүргөн, математика жана информатика предметтерине кызыккан, заманбап технологияларды мыкты өздөштүргөн айыл ичиндеги таланттуу улан-кыздарды табуу, алардын мугалимдерин, тарбиячыларын, мектептерин шыктандыруу жана аларга материалдык-моралдык жактан колдоо, окуучулардын илимге жана билим алууга кызыгууларын активдештирүү болду. Дил баяндар "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө – ар бир инсандын ыйык милдети", "Ак калпак кыргыз журтуна Ала-Тоодой бел болгон..." («Манас» эпосундагы Манастын образы), "Тоо булбулу Токтогул" (Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына карата), "Мен тансам, жаштан танам, ырдан танбайм" (Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата), "Ак кымкаптан тон албаган" акын Барпынын дүнүйө, аалам жана адам тууралуу ырлары", "Мезгил жетип кулач урбай мухитке, он жети жаш бекер кетти, күйөмүн" (К.Тыныстановдун адабий жана илимий ишмердүүлүгү жөнүндө), "Айылды көтөрүү - жалпы мамлекетти көтөрүү", "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот" (И.Раззаков) деген темаларга, окуучунун тандоосуна жараша жазылды.

Толук маалымат бул жерде. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
otuzuul
2014-12-08 13:17:58
шайлоооооооооооооооооо
+1
eldar87
2014-12-08 13:50:15
Фарида тенек журот ко
0
Likvidator
2014-12-08 13:57:11
Шайлообу, шайлоо эмеспи чынында жакшы иш жасаптыр. Азаматсыз Алтынбек мырза!Ишинизге ийгилик!
0
DNurgiza
2014-12-08 14:37:29
жакшы жанылык экен. Ишине ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан