“Манас” Эл аралык аба майданынан 2014-жылдын 11 айында 26 315 рейс (учуу-конуу) катталып, анда 2 миллион 746 755 жүргүнчү тейленген. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаадагы “Манас” аба майданынын кызматкерлери 1 миллион 524 622 адамга кызмат көрсөтүшкөн. Анын ичинен 1 миллиону эл аралык аба каттамдардын жүргүнчүлөрү, ал эми 467 миң адам ички рейстердин жүргүнчүлөрү болуп саналат. Ошондой эле “Манас” аба майданынан ташылган жүктөрдүн жалпы салмагы 17 516,7 тоннаны түздү.