Ош шаарында бүгүн, 8-декабрда облус казысы Ниязали ажы Арипов аймактык мечит имамдарына арналган “Кыргызстанда этникалар аралык ынтымакты орнотуу жана тынчтыкты куруу” деген аталыштагы 4 күндүк тренингдин катышуучуларына сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тренингдин жүрүшүндө муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов “Ислам жана мамлекет”, ал эми Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов “Гендердик зомбулуктун көйгөйлөрүн чечүүдө жамааттардын жана диний лидерлердин ролу” деген аталыштагы презентацияларын көрсөтүштү. Мындан сырткары көйгөйлөрдү чечүүдөгү негизги баскычтар жана тынчтыкты орнотуу боюнча окутуулар болуп, демилгелерди биргеликте иштеп чыгуунун жолдору талкууланды.
Иш-чарага жергиликтүү имамдар, аялдар кеңешинин мүчөлөрү, айыл өкмөтүнүн башчылары, облустун укук коргоо органдарынын, дин комиссиясынын, КРнын Улуттар аралык мамилени бекемдөө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин өкүлдөрү катышты.