8-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 262 миллион метр кубду түзүүдө. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 153 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 186 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 521 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 696 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 8-декабрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 миллиард 522 миллион метр кубду түзгөн.