Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кардын арбын жаашы байкалууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-декабрындагы кардын калыңдыгы 2 сантиметр болсо, 2014-жылдын 8-декабрында 25 сантиметрге жеткен, ал эми көп жылдык (20 жылдык) норма 3 сантиметр болуп, бул цифраларды пайыздык эсеп менен алганда 2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу 1250 пайызга, ал эми көп жылдык нормага салыштырмалуу 443 пайызга көп жааган. Ошондой эле Аксы районунун Пачата айылында 2013-жылдын 8-декабрында кардын калыңдыгы 5 сантиметр болсо, 2014-жылдын 8-декабрында 31 сантиметрге жеткен. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 620 пайызга, ал эми көп жылдык нормага салыштырмалуу 775 пайызга көп.