Ошто бүгүн, 8-декабрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Тележурналисттер - коомдун күзгүсү. Телекөрсөтүү жана радио коомчулуктун түрдүү катмарын биримдикке чакырып, жаратмандыкка багыттай алчу зор күчкө ээ. Шаарыбыздагы тынчтыктын жана ынтымак-ырашкерликтин сакталышы сиздердин кесипкөй ишиңиздерден жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздерден көз каранды экендиги шексиз. Демек, шаарыбыздын жаркын келечеги сиздердин колуңуздарда”,- деди А.Кадырбаев.
Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү бир нече телерадиокомпаниянын алдынкы кызматкерлери мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланышты.