Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолу кар көчкүдөн улам Кара-Коо ашуусунун аймагынан жабылды. Муну бүгүн, 8-декабрда Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады. Кар көчкү 7-декабрда саат 19:30 чамасында түшүп, кар түнкү саат 3төрдө тазаланган. Бүгүн, 8-декабрда аталган жолдун 45-чакырымына кайрадан көчкү түшкөнү, учурда тазалоо иштери жүрүп жатканы айтылды. Автоунаалар үчүн жол жабык.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрү өлкөдө кар көчкү жүрүү коркунучу жогору экенин билдирүүдө.