Сузакта ички чарбалык жолдор калыбына келе элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 7-декабрдан 8-декабрга караган түнү шамал болуп, кар күрткүнүн кесепетинен Кашка-Терек - Кыз-Көл ички чарбалык жолу жабылган. Аталган жол Кыз-Көл айыл аймагынын балансында турат. Тазалоо иштери техниканын жоктугунан улам баштала электигин айыл аймактан билдиришкен.
Андан сырткары Сузак районунун Кара-Алма айыл аймагына караштуу Жалал-Абад - Орток унаа жолунун 40-чакырымынан 50-чакырымына чейин 7-декабрдан 8-декабрга караган түнү шамал болуп, күрткүнүн айынан унаа жол каттамы токтогон. Аталган унаа жол №52-жолдорду эксплуатациялоо мекемесинин балансында турат. Тазалап жаткан бульдозер бузулуп калгандыгына байланыштуу тазалоо иштери токтоп калган. Аталган унаа жолду тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 даана бульдозер тартылып, 9-декабрь күнү саат 08:00дө аталган аймакка жөнөп кетти.