Борбордо Жаңы жылды тосууга болгон даярдыктар жана шаарды жасалгалоо эмки жумада башталат

Бишкекте Жаңы жылды тосууга даярдыктар, шаарды жасалгалоо жана майрамдык иш-чараларды уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлгөн. 15-декабрдан тарта борбордун 4 районунда тең шаарды жасалгалоо иштери башталат. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин пайдубалына капсула салуу аземинде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып борбордун мэри Кубанычбек Кулматов билдирди.  

Учурда Чүй проспектиндеги бак-дарактарды жасалгалоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле жакынкы убакыт аралыгында борбордук аянтка жаңы жылдык балаты орнотулмакчы. Андан сырткары жаңы жылдык балатыны Бишкек мэриясынын имаратынын жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдына да орнотуу пландалууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан