Борбор калаанын айрым көчөлөрүндө бүгүн, 9-декабрда саат 09:00дөн баштап 17:00гө электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, саат 17:00гө чейин Иваницин, Үмөталиев көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульварында, Жибек Жолу көчөсүндө жана Балбан-Таймаш конушунда, Арча-Бешик конушунун Чапаев көчөсүндө, Ак-Босого конушунун Ынтымак, Жаңылык көчөлөрүндө электр жарыгы көмөк чордондордогу оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлдү.