Кыргызстандагы эң коррупциялашкан тармак - билим берүү жана медицина тармагы. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда маалымат жыйыны учурунда Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары Темир Жумакадыров билдирди.
“Билим берүү тармагында коррупция тереңге кирип кеткен. Аны менен күрөшүү үчүн иштер жүрүүдө. Алсак, кээ бир жогорку окуу жайларда абитуриенттерди кабыл алуу электрондук системге өттү. Бул коррупция менен күрөшүүдө жакшы натыйжасын берүүдө. Ошондой эле бала бакчаларга кабыл алууда дагы электрондук кезек системин киргизүү иштери жүрүүдө”,- дейт Жумакадыров.
Ошондой эле ал медицина тармагы дагы коррупция кулачын кеңири жайган тармактардын бири экенин кошумчалады.
“Медицина тармагында кадрларды жумушка алуу, бюджеттик каражаттарды пайдалануу, кызмат көрсөтүү коррупциялашкан”,- деди Жумакадыров.