Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Тoругарт унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталып, кар күрткүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда 12-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачындарга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 284-295 жана 300-308-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт.

ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл. Өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында КРнын Жарандык коргонуунун башчысы - премьер-министрдин 2014-жылдын 2-декабрында чыккан №22-буйругунун аткаруу мөөнөтү 2014-жылдын 12-декабрына чейин узартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан