Бүгүн Кыргызстанда Адам укугунун эл аралык күнү белгиленет

Бишкекте бүгүн,10-декабрь - Адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө карата иш-чара өтөт. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 10-ноябрдан 10-декабрга чейин өткөн бир айлыктын алкагында адам укугу темасын мыкты чагылдырган макалалар сынагы болуп, бул темада социалдык ролик тартылган. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев студенттер менен жолугуп, Кыргызстандагы адам укугунун абалы тууралуу маалымат берип, талкууларды жүргүзгөн.

Иш-чарага КРнын Президентинин аппаратынын өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары, ЕККУнун жана БУУнун Качкындар комиссариатынын Бишкектеги өкүлдөрү катышып, КРдагы активдүү укук коргоочулар атайын сыйлыктар менен сыйланышы күтүлүүдө. Иш-чаранын алкагында катышуучуларга “Кыргызстандын укук коргоочулары-365” аталыштагы тасма көрсөтүлмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан