Ош. Мектептерде жана бала бакчаларда Жаңы жылга карата мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынды

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин буйругунун негизинде аталган башкармалыкка караштуу бардык жалпы билим берүүчү мектептерде жана бала бакчаларда Жаңы жыл майрамына карата иш-чараларды уюштурууда мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салынып (кымбат баалуу белектер, мугалимдер үчүн белектер жана мекемеде тамак-аш уюштуруу), бул багытта педагогикалык жамаатка жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мектеп окуучуларына шаардагы оюн-зооктор, кафе-ресторандардагы мыйзам бузуулар жана жол эрежелерин сактоо жөнүндө мугалимдер тарабынан тарбиялык сааттар өткөрүлүп, ага ата-энелердин катышуусу уюштурулат. Ошондой эле мектептердин материалдык-техникалык абалы каралып, өрт коопсуздугун сактоо, көзөмөлгө алуу боюнча атайын комиссиянын курамы бекитилип, коопсуздук жагдайлар текшерүүдөн өтөт. Аталган башкармалыкка караштуу бардык мектептерде жана бала бакчаларда окуу-тарбия иштери үзгүлтүккө учурабай, жаңы 2015-жылга карата арналып өткөрүлүүчү “Алтын балаты” майрамдык иш-чаралары 25-26-27-декабрь күндөрү бекитилген графиктин негизинде болот.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dadin2
2014-12-10 14:19:30
Анда мыйзамдуу чогулту беришетда.Кээбир экс мэр,депутат,министрледи деле мыйзамдуу эле жептир деп камабай бошотуп жатышатко.
0
cool.botya
2014-12-10 15:18:51
Ош шаарынын гороносу кечигиптир мисалы Ломоносов мектеби Жаңы жыл үчүн эбак 500 сомдон топтоп алышкан. Алар горОНОго түкүрүп да коюшпайт.
0
Emil0279
2014-12-10 17:36:23
А Бишкекчи? Бишкекке боло берет бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан