Ош шаарындагы 12 мектеп "Менин таза шаарым" долбоорунун алкагында 1,5 миң тонна таштанды чогултту

Ош шаарында бүгүн, 10-декабрда “Менин таза шаарым” долбоору жыйынтыкталды. Анда жалпы 12 орто мектеп 1,5 тонна желим таштанды чогултту. Муну мэриядан билдиришти. 

Иш-чаранын жүрүшүндө ЕККУнун өкүлдөрү долбоордун алкагында активдүү катышкан мектептерди аныкташты. Жыйынтыгында Курманжан датка орто мектеби 216 килограмм желим таштанды чогултуп, 1-орунга татыды, ал эми Ленин орто мектеби 160 килограмм чогултуп, 2-орунга жетти. Ал эми 151 килограмм желим таштанды менен Гагарин мектеби 3-орунду алды. Аларга атайын сыйлыктар тапшырылды.

Эске салсак, аталган долбоордун алкагында 25-ноябрда желим таштандыларды чогултуучу контейнерлер Ош шаарындагы 12 орто мектепке орнотулган. Чогулган таштандылар Бишкектеги кайра иштетүүчү ишканага жиберилмек. Учурда бул долбоор өз натыйжасын бере турган болсо, Ош шаарына да желим таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда.

Иш-чарага Ош шаарынын Чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов, ЕККУнун «Коомдук коопсуздук демилгелери» долбоорунун жетекчисинин орун басары Роберт Пацос жана окутуучулар катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан