10-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 179 миллион метр кубду түзүүдө. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 144 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 162 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 635 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 672 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 10-декабрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 миллиард 438 миллион метр кубду түзгөн.