Бүгүн, 10-декабрда Ички иштер министрлигинде Күбөлөрдү коргоо боюнча башкармалык түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, башкармалыктын түзүлүшүнө көп учурларда күбөлөрдүн өз өмүрлөрүнөн кооптонушуп, тергөөдө берген көрсөтмөсүн сот учурунда өзгөртүп жатканы себеп болгон. Буга Камчы Көлбаевдин иши мисал боло алат.
Айта кетсек, аталган башкармалык күбөлөрдүн коопсуздугун коргоо багытында иштерди алып барат.