Жалал-Абад шаарында 1-декабрдан баштап 15-декабрга чейин шаар ичиндеги көчөлөрдү Жаңы жылга карата кооздоого даярдык иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, декабрь айынын алгачкы 2 жума аралыгында шаар ичиндеги көчөлөрдөгү күйүп кеткен лампаларды алмаштыруу жана электр зымдарын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда шаар боюнча 360 лампа алмаштырылган.