Июнь окуясында 3 ок тийип, оор жаракат алган кыргыз аскерине Түштүк Кореяда операция жасаган дарыгерге төш белги ыйгарылды

Июнь окуясында оор жаракат алган кыргыз аскерине Түштүк Кореяда операция жасаган дарыгерге КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов аскер-жарандык кызматташууну бекемдөө максатында министрликтин төш белгисин тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, К.Боронов ӨКМнын аскер кызматкери Акбаралы уулу Жусупбекке операция жасаган түштүк кореялык дарыгер Ха Хон Ён, каржылык жардам көрсөткөн Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин өнөктөшү Пак Чин Вон жана КРнын Түштүк Кореядагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында министр дарыгер менен Акбаралы уулу Жусупбектин азыркы абалы жөнүндө сүйлөшүштү. Жолугушуунун алкагында министр дарыгер Ха Хон Ён менен финансылык жардам көрсөткөн Пак Чин Вонго КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төш белгилерин ыйгарып, көрсөтүлгөн жардам жана колдоолоруна терең ыраазычылыгын билдирди.  

Эске салсак, 2010-жылдын Июнь окуясында куралданган адамдар тарабынан Нариман айылында жайгашкан ӨКМнын Тез арада ыкчам аракет көрүү борборуна кол салуу болгон. Анда 23 жаштагы Акбаралы уулу Жусупбектин өпкөсүнө жана арка омурткасына үч ок тийген. Түштүк Кореядагы На-Ын клиникасында ага 3 жолу операция жасалып, акысыз дарыланды. Ал эми 9-декабрда ал Кыргызстанга кайтып келген. Тилекке каршы, ал азырынча өз алдынча баса албайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kitaioza
2014-12-11 11:20:46
Аллах шыпаа берип басып кетсин.
0
Kairatmyn
2014-12-11 12:32:40
Алла тааламан шыпаа тилейли... Биздин куч органдар нааматр экен э. Бир да Адам козго корунорлук жазасын албады ошолор. Канча Адам Олду, канча аймончоктой кыздарыбыз сордукталды канчалаган кыздарыбыз олду, канча жаш жигитер мерт кетти бийлик дагы жарытаарлык конул бурбады ишенип тапшырган акчаны болсо Жанторо акебиз эптеп септеп уйлорду салды дагы калган милиондордун козун чукуп алды атиин.
0
Aylin.91kg
2014-12-11 13:28:02
Бул учун бийлик жооп бериш керек окуя башталганда эле токтотсо болмок. Жаш туруп басалбай калган не дегендик? Ошо эптеп салынган уйлорду окуяда жаракат алгандарга берсе болмок, эми бо ипотекага берилиптир! Уят! Ар нерсенин сурагы болот! Канчалаган жарандар журот уй алалышпай!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан