Кечээ, 10-декабрда Бишкек-Ош унаа жолунда жалпысынан 19 жолу артиллериялык атуу иштери жүргүзүлүп, 1000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен жок. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иш-чаралары 2014-жылдын 11-декабрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 235-чакырымында улантылат.