Бишкектеги Жибек Жолу - Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде ысык суу түтүгү жарылып, жолду ысык суу каптоодо. Бул тууралуу шаар тургундары бүгүн, 11-декабрда билдиришти.
Маалыматты "Бишкек суу-канал" ишканасы да тастыктап, ысык суу кетүүчү түтүк жарылып кеткендигин айтты.
Шаар тургундарынын айтымдарында, учурда ал жерде адамдардын жана унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаралууда.