Бишкек шаарында кечээ, 10-декабрда сыртка сейилдөөгө уулу менен чыккан атасы баласын жоготуп алды. Учурда ал жөнүндө эч кандай маалымат жок. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына жоголгон баланын бир тууган эжеси Тамила Карибулина билдирди.
Анын айтымына караганда, 4 жаштагы Михаил Совпель атасы менен бирге сейилдегенге чыккан. Бирок кечинде атасы үйгө жалгыз кайтып, баласы кайда калганы эсинде жок экенин айткан.
“Бул биздин өгөй атабыз, мен таенем менен жашайм, ал эми эгиз инилерим атам менен жашашат. Кечээ эгиздердин бири уктап калганда биз Мишаны атама кошуп сейилдегенге жибергенбиз. Бирок ал саат 18:00 чамасында үйгө мас абалда келип, инимди кайсы жерден жоготконун билбей калганын айтты. Биз дароо милицияга кайрылып, алар менен түнү бою биз жашаган Туңгуч кичи районунан издедик. Бирок андан эч кандай майнап чыккан жок. Азыркыга чейин иним кайда экени белгисиз болууда”,- дейт Т.Карибулина.
Жоголгон баланын белгилери: Бою болжол менен 1 метр 5 сантиметр, арык чырай келген, чачы сары түстө. Үстүнө көк түстөгү күрмө, көк түстөгү шым жана бутуна кара түстөгү өтүк кийип жүргөн.
Жоголгон баланы көргөн-билгендер болсо, 0702 36-39-99 телефон номуруна кайрылыңыздар.