Кыргызстан өткөн суткада 64,2 миллион киловатт-саат электр энергиясын пайдаланды, бул көрсөткүч нормадан 9,6 миллион киловаттка ашыкча. Маалыматты бүгүн, 11-декабрда Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди. Мисалы, Бишкек шаары 2,9 миллион киловатт-саат электр энергиясын нормадан ашыкча пайдаланганы айтылды. Бишкек жылуулук электр борбору басым менен иштеп, өткөн суткада 8728 киловатт-саат электр кубатын өндүргөн.