Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүргөн Жаштар сыйлыгы тапшырылат

Бүгүн, 12-декабрь – залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата анын урматына бир катар иш-чаралар уюшулат. Алардын катарында жазуучунун атын алып жүргөн Мамлекеттик жаштар сыйлыгы өкмөт тарабынан тапшырылмакчы. Бул тууралуу КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда 6 лауреатка жана 9 дипломантка сыйлык тапшырылат.
Кошумчалай кетсек, 2008-жылы өлкө башчынын жарлыгына ылайык, тийиштүү номинацияларды сактап калуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгы Чыңгыз Айтматовдун ысымын алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан