Өлкө аймагында Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтөт

Өлкө аймагында бүгүн, 12-декабрь - залкар жазуучу, кыргыз адабиятынын сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтөт. Борбор калаада "Айтматов-адамзат" аталыштагы эскерүү иш-чарасы уюштурулат. Ал "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине баруу менен башталмакчы. Ошондой эле “Айтматов жана окуу” деген аталыштагы акция уюштурулат. Акциянын алкагында катышуучулар Ч.Айтматовдун чыгармасынан бир нече саптарды окуп, ал кайсы чыгармадан экенин табышат. Иш-чара педагогикалык окуу жайлардын ыктыярчыларынын көмөгү менен уюштурулмакчы. Майрамдык жана эскерүү иш-чаралары өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. Анда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган сүрөт көргөзмөлөрү, адабий кечелер уюштурулат.  
Эске салсак, Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо бүгүн 86 жашка толмок. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан