Жалал-Абад. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар “Бакыт издеген балалык” аттуу иш-чара уюштурушту

10-декабрь күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тарабынан даярдалган “Бакыт издеген балалык” аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чарада “Данакер” коомдук уюмунун мүчөлөрү ыр-күү, оюн-зоок тартуулашты. Анда уюштуруучу Айжамал Тарыхчиева коомдун жүргүзүп жаткан иштери тууралуу баяндама жасап, колдоо көрсөткөн мекеме-уюмдарга ыраазычылык айтты. Жыйындын соңунда Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нургазы Нишанов, шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев сөзгө чыгышып, жылуу сөздөрүн айтып, колдоо көрсөтүштү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан