Жоомарт Оторбаев: "Көз карандысыз, адилеттүү сот - мамлекеттин өзөгү"

"Көз карандысыз, адилеттүү сот - мамлекеттин өзөгү". Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Жогорку Соттун 90 жылдыгы менен куттуктоо учурунда билдирди.

“Жогорку Соттун басып өткөн жолу жөнөкөй болгон жок. Ал 1924-жылдан башталган. Эгемендик күндөн тарта сот тутумунда бир катар өзгөрүүлөр болду. Көз карандысыз, адилеттүү сот - мамлекеттин өзөгү. Ансыз экономиканын өнүгүүсү болбойт”,- деди Оторбаев.

Ошондой эле өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев сот тармагында иштегендерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге грамоталарды тапшырды.

Айта кетсек, бүгүн, 12-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Жогорку Соттун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Салтанаттуу иш-чарага КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева жана сот тармагында иштеген кызматкерлер катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан