Киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө айрым белгилүү адамдардын катышы болушу мүмкүндүгү айтылууда

Быйыл март айында киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө айрым белгилүү адамдардын катышы болушу мүмкүндүгү айтылууда. Алар башкы прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы деп айтылып жаткан Калый Салянов жана "Мекен шейиттери" уюмунун мурунку жетекчиси Осунбек Жамансариев. Фактыга тийиштүү жаңы жагдайлар боюнча "Азаттык" төмөнкүлөрдү жарыялады:     

Камила Дүйшөбаеванын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев бул иш боюнча көрсөтмө бергендердин арасында күмөн жараткан күбөлөр бар экенин биринчи жолу жарыялады:

Мага тергөөдөгү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн көргөзүшкөн. Анда кызымдын курбулары, туугандары, тааныштары жана бирге окуган тайпалаштары сыяктуу бир катар адамдар көрсөтмө беришкен экен. Анан бул иш боюнча көрсөтмө бергендердин арасында башкы прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Салянов менен “Мекен шейиттери” уюмунун жактоочусу болуп жүргөн Осунбек Жамансариев жүрөт. Менимче, бул экөө дос болсо керек. Буларды сурагандын себеби, мына ошол Калый дегени менин кызым менен тааныш болгондуктан, 9-марттын түнүндө жеткизген экен. Бир Кудай билет эми. Мен кызымдын өлүмүнө Калый Салянов күнөөлүү деп айта албайм. Бирок тергөөдө башка бир шектүү адамдар боюнча жыйынтык жок.  

Маркумдун эжеси Айжан Дүйшөбаева каргашалуу окуядан бир күн мурун Камила менен анын курдашын жашы бир топко барып калган адам автоунаа менен жеткирип койгон жагдай көбүрөөк шек жаратып жатканына токтолду:

9-марттын түнүндө Камила курбусу менен Чүй-Гоголь көчөсүндө жайгашкан “Демократ” деген кафеде отурган экен. Бул боюнча кийин курбусу бизге айтып берди. Калый деген кишиге “бизди жеткирип коюңуз” деп чалышыптыр. Анан ал келип, Камиланын курбусун 7-кичи районго ташташкан. Калый деген киши "Камила “40x40” деген клубга жеткенде ошол жерге калтырып коюшумду суранган" деп көрсөтмө бериптир. Бирок ал аралыкта эмне окуя болгону белгисиз. Анан ошол түнү Камила такси кармап алып үйгө келген экен. Биз анда уктап жатканбыз. Өзү үйдү ачып, бөлмөсүнө кирип кетиптир. Ошондо алдынан тосуп алган жээнибиз Камиланын маанайы жок болгонун айтып берди. Эртең менен да ал бир топко чейин терезени карап ойлонуп отуруп, анан үйдөн чыгып кетиптир. Биз ага анча деле маани берген эмеспиз. Ошол чыгып кеткен боюнча ал кайра үйгө кайрылып келбеди.  

Күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө жогорку даражалуу кызмат адамынын тууганы деп айтылып жаткан күбөлөрдүн бири, 53 жаштагы жеке ишкер Калыбек (Калый) аттуу адам өзүнүн тергөөдөгү көрсөтмөсү боюнча буларды айтып берди:

9-март күнү кечинде жолдош балдар менен мончодо отурганбыз. Анан түнкү ондордо мага Камила "Калыбек байке, карыз болуп калдык эле, кафеден коё бербей жатат, бир миң сом бересизби?" деп чалып калды. “Мен балдар менен отурам, мүмкүнчүлүгүм жок, бара албайм” десем болбой, жети-сегиз жолу чалды. Жаш баланын көңүлүн кыя албай, Нарындын экс-губернатору болгон досум экөөбүз алар отурган кафеге келдик. Анан акчаны берип кетип бара жатсак, “бизди дагы таштай кетиңиздерчи” деп калды. Анан анын жанындагы курдашын үйүнө таштап келе жатсак, Камила "40x40" деген кафенин жанына таштап коюңузчу" деди. Аны ошол жерге калтырып, досум экөөбүз үйгө кеткенбиз. Досумду үйдө коноктоп, 7-Апрель окуясынын Баатырлары үйгө келип, алар менен чогуу сүйлөшүп отуруп, эртеси эртең менен, тактап айтканда, 10-март күнү Осунбек Жамансариев экөөбүз Жумгалга кеткенбиз. Биздин бул окуя болгон күнү Бишкекте болбогонубузду тастыктаган далилдер менен күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн тергөө изилдеп чыккан. Белгилей кетчү жагдай, кыз жоголгондон кийин туугандары курбусу аркылуу мага чыгышкан. Ушундан кийин мен аларга жолугуп, Камиланы чогуу издегенбиз. 

Осунбек Жамансариев өзүнүн ал окуяга түз же кыйыр жагдайда катышы жок экенин билдирген. 

Эскерте кетсек, быйыл 10-мартта 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (42)
ayjamal83
2014-12-12 15:40:15
Ayal menen erkek jalgyz kalyshsa, uchunchusu shaytan.
+1
aziko88
2014-12-12 16:18:59
Бул кишини жакшылап суракка алыш керек.соо эмес.
+1
yasmina_kg
2014-12-12 16:21:22
Детектив болуп кетинер го.Бир кудай билет эмне болгонун.Олгон адам жонундо жаман айткан болбойт.Олгонго комгон кылып ата энесин журогун оорутпайлы.
0
aiza.kyrgyzkyz
2014-12-12 18:21:43
Эми эмнеси болсо да олгон адамдын рухун чыркыратбайлы, жаткан жери жайлуу болсун! Олгон адамдын артынан жаман ой келтирген да куноо болот, балким жакшы кыз болгондур. Анан далили жок атасындай киши, тиги бул деген ойдон алыс болгула. Ар ким озунун оюн жазганы деле туура, бирок жаман ойдон алыс болсонор эле дегеним
0
Maripa
2014-12-12 18:33:53
башкы прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы деп айтылып жаткан Калый Салянов бул ишти оз колу менен жасап журбосун! Ошол учун ишке куноолу делинген адам табылбай, атасы ар кайсы эшикти акмалап журот. Бул жерге чондор аралашкан учун эле иш козголбой жатат го.. эмесе бечара кыздын олумуно шектуу табылмак да. Аида апчем жаап,жашыртып жаткандыр. Акыйкаттык жок бизде.
+8
solnyshko
2014-12-12 19:06:12
Maripa, +1000
0
91mele
2014-12-12 18:38:05
озу сооо мес турбайбы
0
Akabai
2014-12-12 20:11:12
Начальник милициянын иштен бошошу дагы жон жерден болбосо керек, бул иштин артында кимдер экенин тушунуп тынч жашайын дегенго
+2
Begimkyz
2014-12-12 23:13:53
Ужааас(((( Кимисине ишенсек? Бир кудай билбесе ар кимибиз ар нерсе дей беребиз.
+1
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-13 00:54:23
Маркум кыздын курбу кыздары синфого кирбейт окшойт кошнам, групалашым,егенге окшогондордун да ойун билсек болмок бирок иш айагына чыкмайынча уноолош да кыйын
+1
tynara1983
2014-12-13 09:38:34
Бул ишти Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Салянов кылыптыр кылмышкердин бети ачылбай калдыго. Азыр АШАнын он колу Аида Салянова болуп атат,олгон ченде дагы бул ишти бети ачылбайт. Билбейм бийлик алмашып кетип еле булардын бетин ачпаса!!!!
+2
Alina1984
2014-12-13 12:27:50
Еми каза болгон кыз мен антип айткан емесмин деп айта албайт да,ошондуктан ар ким ар кандай айта берсе керек да
0
Alina1984
2014-12-13 12:31:13
Акыйкат кайда?Акыйкат асманда!ага Кантип жетсе болот?Ага акчадан шаты жазап жетиш керек дегендей да.Мумкун сотторго кобуроок Акча берсе бул кылмыш иши ачылмак!
+3
tynara1983
2014-12-13 19:38:24
Alina1984, соттун аталаш тууганы ушул ишке куноолу деп жазылып туратко сот бир тууганын чокутпай калдыго
+2
Azatbek.Svoboda.
2018-06-09 02:52:11
tynara1983,Генпрокурор десең!
0
Alina1984
2014-12-13 19:47:49
Ооба да соттун тууганы болсо ошо да,мен деле кошунам менен пикирим келишпей мени чаап урган,анын тууганы ровдда иштечу ,мен заявление жазсам карап да койгон емес,анда менин 7ай боюмда бар болчу,Ечтеке нерсе кыла албай еле калгам
+3
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-13 22:23:32
Alina1984, Бул бийлик та убактылуу эле андан кору Кудайдан тилейли адилеттуулукту
0
Aysuluuwa
2014-12-13 23:54:40
Соз жоооок!!!! Баары айдан ачык эле корунуп турат,жараткан азасын берсин
0
nur1996
2014-12-14 01:39:33
Азыркы адамдар акчаны жон гана МЕ деп берип койушбайт го деим болбосо баарысы эле акча беринизчи деп ала бербейби "алыштын бериши бар" дегендей берген акчасынын ордуна бир немке талап кылса керек да, эч кандай мамилеси жок эле акча сураса жолдошторунун арасынан губернатор экообу акча алып барып бербесе керек !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан