Феруза Жамашева: "Сот тутумун жакшыртуу адилеттүү чечимдерден көз каранды"

Сот тутумун жакшыртуу адилеттүү чечимдерден көз каранды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева билдирди.

“Биздин алдыбызда сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруу жана анын сапатын жогорулатуу маселеси турат. Судьянын жумушу оңой эмес. Бардык учурларда оор. Ар бир чечимдин артында адамдын тагдыры турат. Сот тутумун жакшыртуу адилеттүү чечимдерден көз каранды”,- деди Жамашева.

Ошондой эле ал сот тармагында эмгектенгендерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге “Сот системинин мыктысы” медалы менен сыйлады.

Айта кетсек, бүгүн, 12-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Жогорку Соттун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Салтанаттуу иш-чарага КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жана сот тармагында иштеген кызматкерлер катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан