Жакынкы аралыкта Орусиянын Екатеринбург шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты көчөлөрдүн бирине берилет. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы “Кыргызстан-Урал” коомдук уюмунун жетекчиси Камчыбек Каримовго шилтеме берүү менен маалымдады.
Маалыматка ылайык, жыл башында аталган коомдук уюм облус жетекчилигине Чыңгыз Айтматовдун ысымын көчөлөрдүн бирине берүү суранычы менен кайрылган. Жыйынтыгында бул сунуш тиешелүү органдар тарабынан каралып, Ч.Айтматовдун ысымы көчөлөргө аты берилиши мүмкүн болгон атактуулардын катарына кошулган.