Кыргызстан бир суткада 64,9 миллион киловатт-саат электр энергиясын пайдаланууда
Кыргызстан өткөн суткада 64,9 миллион киловатт-саат электр энергиясын пайдаланды, бул көрсөткүч нормадан 9 миллион киловаттка ашыкча. Маалыматты бүгүн, 12-декабрда Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди. Мисалы, Бишкек шаары 3,1 миллион киловатт-саат электр энергиясын нормадан ашыкча пайдаланганы айтылды. Облустар арасында электр кубатын ашыкча коротуу боюнча Жалал-Абад облусу алдыда (1,76 миллион киловатт ашыкча иштеткен). Бишкек жылуулук электр борбору басым менен иштеп, өткөн суткада 8622 киловатт-саат электр кубатын өндүргөн.