Ош облусунда 65 жаштагы жаран жана анын эки баласы "10 жашар кызды зордуктаган” деп айыпталууда. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 12-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-декабрь күнү 47 жаштагы облус тургуну милицияга кайрылган. Анда ал 2010-жылдын жазында 10 жаштагы кызын бир тууган таякеси Раимжан жана анын Усу, Мики аттуу балдары зордукташканын айткан. 9-декабрда экспертиза кыздын зордукталганын аныктаган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1949, 1978, 1992-жылдары туулган жарандар кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.