Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун урматына мемориалдык такта орнотулду. Ал болочоктогу жазуучу барган №1 "Жибек" бала бакчасынын имаратына жайгаштырылды. Өткөн кылымдын отузунчу жылдарынын башында Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов Ошто иштегендиктен, жазуучу балалыгынын эки жылын дал ушул жерде өткөргөн.
Залкар жазуучунун элесин кылымдарга калтыруу демилгеси ушул бала бакчанын ата-энелер комитетинин төрайымы Гүлнара Саиповага таандык, ал эми “Бир бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясы демилгени колдоого алган. Мемориалдык тактада Чыңгыз Айтматовдун портрети чагылдырылып, “1932-1934-жылдары бул бала бакчада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тарбияланган” деген маалымат түшүрүлгөн.
Имарат 20-жылдардын башында салынган, 1926-жылы бала бакча болуп түзүлгөн. Ал тарыхый-архитектуралык эстелик болуп саналат.
“Бир бол” партиясынын Ош шаардык бөлүмүнүн координатору Алимжан Байгазаковдун билдирүүсүнө караганда, кийинки муундун балдары дал ушундай эстелик такталардан белгилүү жазуучу жана ойчул тарбияланып кеткендигинен кабардар болушат. “Алар башкача жашап, өздөрүн адептүү алып жүрүүгө аракет кылып, келечекке үмүт жана ишеним менен карашат”,- деп кошумчалады А.Байгазаков.
Толук маалымат бул жерде: