Ош. Мусулмандар казыяты Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын борбордук мечитинин жамааты менен жолугушуу өткөрдү

12-декабрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казыятынын демилгеси менен Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн борбордук мечитинде укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жума намазына келген жамаат менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов жана конок катары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Аким ажы Эргешов катышты. Бул тууралуу казыяттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алгач облус казысы Ниязали ажы Арипов жергиликтүү жамаатка жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын багыттарына токтолуп, кеңири баяндама жасады. Ал эми муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Аким ажы Эргешов улуттар аралык биримдик маселесине кеңири токтолду жана Сириядагы абал эч кандай жихад эмес экендигин баса белгилеп, бул маселелер боюнча Куран аяттары, хадистер менен мисалдар келтирилип, жеткиликтүү түшүндүрмөлөр берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-13 18:05:54
Нариман, Карасууга да барып суйлошуулорду откозуш керек
0
arisim
2014-12-13 18:13:09
Ал жака барса Озбекстанга тушуп калгандай болосунда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан