Кочкор районунда жолду каптаган суу коопсуз аймакка бурулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондун Көк-Жар айыл аймагында 12-декабрь күнү Жоон-Арык суусунун түндүк жагында муз тоңуп, суу жолду жана айдоо аянтын каптаган. 13-декабрда айыл аймагынан 1 самосвал жана 1 экскаватор тартылып, суунун нугу коопсуз аймакка бурулду.