Сузакта кар күрткүлөрүнөн улам жабылган ички чарбалык жолдор тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондун Кыз-Көл айыл аймагында 7-8-декабрь күндөрү жааган кардын жана катуу шамалдын кесепетинен Кашка-Терек - Кызыл-Кыя ички чарбалык жолу кар күрткүлөрүнө толуп, унаа жолу жабылган. Тазалоо иштерине 1 бульдозер тартылган, 13-декабрда 5 чакырым жол тазаланды, тазалоо иштери уланууда.