Ош облусунун Араван районунда Алай көмүрүнүн баасын негизсиз кымбаттатып жиберген ишкерлер аныкталды. Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдиргендей, рейддин жүрүшүндө Жаанбаев Ж., Мамажанов Б. жана Жолдошбаев Б. аттуу ишкерлердин көмүрдү кымбат сатып жатканы аныкталып, тийиштүү документ толтурулуп, райондогу Кардарлардын укугун коргоо комиссиясына жиберилди. Ишкерлерге тийиштүү жазаны аталган комиссия бермекчи. Агенттиктин Ош облустук бөлүмү аталган кызматкерлерге эскертүү берди жана бааны негизсиз көтөрүүгө кайра барышса, административдик жаза колдонуларын айтышты.