Жалал-Абад шаардык мэриясынын өкүлдөрү “Кыргыз почтасы” ишканасынын каттарды кечиктиргенине нааразычылык билдиришти

Жалал-Абад шаарындагы “Кыргыз почтасы” ишканасы тарабынан жумуш өз деңгээлинде уюштурулбай жатканы байкалууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы нааразы тарапка шилтеме берүү менен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаар мэриясы тарабынан борбордук Ленин көчөсүндө болгону эки аялдама алыстыкта жайгашкан ишканалардын бирине 10-декабрда расмий кат жолдонгон. Бирок бул кат 12-декабрь күнү атайын териштирүүдөн кийин гана тиешелүү дарекке жеткирилген. Жалал-Абад шаарында “Мамлекеттик тилдин 2 айлыгы” иш-чарасынын алкагында өтүп жаткан кароо-сынактарга демөөрчү катары макулдашкан ишканага "Кыргыз почтасы" катты 2 күндөн кийин гана жеткирген. "Мындай кайдыгер мамиледеги кызматчылардын айынан иш-чаранын өтүүсүнө кедергиси тийүүдө" деп белгилейт Жалал-Абад шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Үпөл Асаналиева. “12-декабрда өтүүчү иш-чарага даярдык боюнча билүү үчүн демөөрчү компанияга кайрылганымда, алар кат али келе электигин айтышты. Мен “Кыргыз почтасына” кайрылдым. Андан кийин гана бул ишкананын кызматкерлери кыймылдай башташты. Ал эми башка канча адам жиберген каттарына жооп ала албай жүргөнү белгисиз”,- деп белгилейт Үпөл Асаналиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан