Жаңы жылга карата Бишкектин бир катар аймактарында балатылар тургузулуп, кооздолот. Эң ири балаты катары эсептелинген борбордук аянттагы балатыны 19-декабрда жарыктандыруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, балатынын бийиктиги 23 метрди түзөт. Анын өткөн жылдагыдай кулап түшпөөсү үчүн кошумча зым аркандар менен тартылууда.