Ош шаарында электрондук китепкана жөнүндө түшүнүк берүү максатында жыйын өтөт

Ош шаарында эртең, 16-декабрда электрондук китепкана жөнүндө түшүнүк берүү максатында жыйын өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы №16-мектеп-гимназияда "Байлыктын баары китепканада" деген аталышта өтөт. Иш-чаранын алкагында электрондук китепкана жөнүндө түшүнүк берүү максатында атайын даярдалган слайд көрсөтүлмөкчү. Андан сырткары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата адабий-музыкалык кече уюштурулуп, китеп окуу боюнча сынак өтөт. Ошондой эле "Азыркы коомдогу китептин ролу" темасына арналган талкуу уюштурулат. 
Иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов, аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси Дилбар Самидинова жана жергиликтүү мектептердеги китепканалардын жетекчилери катышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан