Борбор калаада Жогорку Соттун 90 жылдыгына карата бир катар кызматкерлер Ардак грамота жана медаль менен сыйланышты

Борбор калаада бүгүн, 15-декабрда КРнын Жогорку Сотунун 90 жылдык мааракесине карата сотто көп жыл бою эмгектенген ардагерлер жана бир катар кызматкерлер Ардак грамоталар жана медаль менен сыйланышты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ардак грамота менен Жогорку Соттун аппарат кызматкерлери Жылдыз Кемелова, Айнура Жумадылова, Мелис Тагаев, Нурлан Акматов сыйланды. Ал эми Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин маараке медалы менен Жогорку Соттун аппаратынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Аида Манжиева, Жогорку Соттун референти Улан Туманбаев сыйланды. Андан сырткары Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин Ардак грамотасы менен Жогорку Соттун кызматкерлери Анара Садыкова жана Чынара Асаналиева сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан