Оштогу курулуп жаткан көпүрөгө тирегичтерди орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө

Ош шаарындагы Навои көчөсүндө курулуп жаткан көпүрөгө тирегичтерди орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG порталына шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көпүрөнүн курулуш иштери менен бүгүн Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов таанышып чыкты.   

"Учурда курулуш иштеринде 4 жумушчу топ иш алып барууда. Жумушчулар эс алуусуз, 2 нөөмөт менен иштеп жатышат. Азыркы тапта көпүрөнүн тирегичтерин орнотуу үчүн 5 чоң чуңкур казылып, анын экөөнө тирегичтер орнотулду. Курулуш иштеринин сапаттуу жүрүшүнө чоң аракеттер жумшалууда. Эң негизги максат - көпүрөнүн курулуш иштери белгиленген убакыт аралыгында аякташы керек”,- деди Ж.Ормонов.

Ошондой эле азыркы тапта Навои көчөсүндө жайгашкан Ак-Буура дарыясы аркылуу өткөн эски көпүрөнү бузуп, тазалоо иштери жүрүүдө. Эске салсак, салынып жаткан көпүрөнүн экинчи этабы 18-ноябрь күнү башталган, ал 2015-жылдын 3-кварталында толугу менен курулуп бүтөт деп пландалууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aiym.ai
2014-12-16 01:07:13
Мелис болгондо копуро эчак бутуп пайдаланууга берилмек,азыркы мэр болумуш 2016-жылга бутурот.
+4
murgab2014
2014-12-16 01:08:33
тирегичтер абдан эле ничкего
+1
Sharipa-asia
2014-12-16 01:48:05
Оркундой бер Ош шаарыбыз
+1
ALIK-BRO
2014-12-16 02:51:38
Э Кудай ушуларга куч кубат бере кор эми
-3
Ariet7
2014-12-16 03:50:13
оо кудай бекем эле копуро болсо экен катуу шамал болсо кулап калбагыдай. жарым акчасын жепжутаттар лап этип коюшпай
+1
kakebrat
2014-12-16 08:26:38
дагын коп убакыта бутот бул копуро азыр фотодо эми чекеси гана бул аран 100дон 2 болугу 98 болугу буткучо ооохууу
+2
crishti_7
2014-12-16 08:48:13
эн негизги максат-айткан времяда эмес мээси жок. Эн негизги максат-бекем, китайский эмес оригинал болушу керек
0
kakebrat
2014-12-16 17:38:49
кытайлар куруп жатканда кыйтайский болотда мээси коп немецский болот элеби оозум бар деп суйлоп койо бересинби
+1
aza.kg007
2014-12-16 23:44:16
бутуп калсакен тезирек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан