Аба чубалгыларындагы жана көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 16-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Бөкөнбаев, Исанов, Чуйков көчөлөрүндө, Месарош көчөсүндөгү №95 “А” көп кабаттуу үйдө №394, 247-көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан, Татыр, Чуңкурчак, Аламүдүн (Алматы, Заречная, Чапаев, Набережная көчөлөрүндө) электр жарыгы өчүрүлөт. Андан сырткары Сокулук районуна караштуу Жыламыш, Маловодное, Белек, Кара-Сакал, Исмаил, Новая айылдарында да электр жарыгы өчүрүлөт.
“Стрельниковой”, “Сельэлектро-2”, “Маловодное” көмөк чордондорунан тараган 35/10 кВт аба электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу саат 12:00дөн 15:00гө чейин Военно-Антоновка, Учхоз, Студенческое, Комсомольское айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.