Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү

Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 16-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев, Исанов, Чуйков, Месарош көчөсүндөгү №95 “А” көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлдү.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан, Татыр, Чуңкурчак, Аламүдүн, (Алматы, Заречная, Чапаев, Набережная, Гидрокурулушчулар көчөлөрүндө) 09:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгына чектөө киргизилди.

Саат 09:00дөн 12:00гө чейин Сокулук районундагы Жыламыш, Маловодное, Белек, Кара-Сакал, Ысмайыл, Новый айылдарында жарык өчүрүлсө, саат 12:00дөн 15:00гө чейин Военно-Антоновка, Учхоз, Студенттик, Комсомол айылдарында электр жарыгына чектөө киргизилиши ыктымал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан