Ошто электрондук китепкананы ишке киргизүү пландалууда

Бүгүн, 16-декабрда Шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №16-мектеп-гимназиясында өткөн “Байлыктын баары китепканада” аттуу семинарда шаардагы мектептерде электрондук китепкананы иштетүү боюнча талкуу болуп, алдыдагы күндөрдө ишке киргизүү пландары айтылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.

Азыркы технология өнүккөн заманда электрондук китепкананын окуучулар үчүн бир топ артыкчылыктары менен кошо жеңилдиктери болору жана мектеп окуучуларынын китеп окууга болгон кызыгуусу алдыга жылары да белгиленди. Семинардын жүрүшүндө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата окуучулар тарабынан даярдалган адабий-музыкалык кече коюлду. Ошондой эле китеп окуу сынагы уюштурулуп, жеңүүчү окуучулар адабий китептер менен сыйланды.

Жыйынга Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана аталган башкармалыкка караштуу бардык мектептин китепкана жетекчилери катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан