Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бала бакчалар компьютер менен камсыздалат. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардагы бала бакчаларга компьютердик техникаларды, ошондой эле жалпы суммасы 1 миллион 200 миң сомго бааланган эмеректерди сатып алуу үчүн бүгүн, 16-декабрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын имаратында тендер өтөт. Мындан сырткары шаардагы “Мөл булак” бала бакчасынын имаратынын 1-кабатын оңдоп-түзөө үчүн да тендер өтөт. Анда жалпы сумма 3 миллион 470 миң сомду түзөт.