Бишкек шаарынын түндүк аймагында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда “Кыргызгаз” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-декабрдан 19-декабрга чейин оңдоо иштерине байланыштуу Махатма Ганди, Пригородная, Бишкек Чоң Чүй каналы, Ала-Арча суусу, Көлмө конушу тарапта жаратылыш газы берилбейт.