Дүйшөмбү шаарында 15 жыл бою колго токулуп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген килем көргөзмөгө коюлду

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында болуп өткөн ирандык килемдердин көргөзмөсүндө колго токулган дүйнөдөгү эң чоң килем көргөзмөгө коюлду. Анын узундугу 16 метрди түзсө, туурасы 10 метрди түзөт. Бул килемди 50 адам 15 жыл бою колго токуган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. “Көргөзмөгө Иранда колго токулган 200дөн ашуун килем коюлду. "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген эң чоң килемибиздин салмагы 500 килограммды түзүп, анын өлчөмү 160 чарчы метрге барабар”,- дейт “Ирандык килемдер” компаниясынын өкүлү Тавхиди Халидманд.  

Анын айтымында, колго токулган килемдердин сапаты жакшы болот жана ал көптөгөн жылдар бою кызмат кылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
chon-alai90
2014-12-16 20:32:13
дуйшонбу эмес душанбе шаары эмес бекен
0
Ariet7
2014-12-16 22:33:25
chon-alai90, кыргызчасы да кызыксын го! ?
+2
brend007
2014-12-17 08:53:04
Ariet7, жерлердин-шаарлардын аттары которулбай эле жазылыш керек
0
Boldukan86
2014-12-17 02:45:12
салмагы 500 кг дейби
0
arzyy
2014-12-17 07:54:03
Эч кандай Дуйшомбу эмес эле Душанбе эле болот, эмне анда Кара Балтаны "черный топор" деп котормок беле.
0
samiira
2014-12-17 09:14:35
arzyy,

))))


0
admin_portal
2014-12-17 11:37:35
arzyy, brend007, chon-alai90,
Саламатсыздарбы!
Айырм географиялык аттар кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жазылат. Мисалы: Анжыян, Дүйшөмбү, Түркия, Орусия, Ооганстан ж.б.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан